Бишкекке жакын Дмитриевка айылындагы атышуудан күч органдарынын эки кызматкери жаракат алды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, алардын бири амбулатордук турдө дарыланат экинчиси Улуттук госпиталга жаткырылат.
Белгилей кетсек, бүгүн, эртең менен Чүй облусунун Дмитриевка айылында шектүүнү кармоо боюнча атайын операция жүргүзүлгөн. Кармоо учурунда террорист катуу куралдуу каршылык көрсөткөн.
«ИИМдин жана УКМКнын атайын багыттагы бөлүктөрүнүн кызматкерлери тарабынан куралдуу террорист жок кылынды. Окуя болгон жерде ИИМдин жана УКМКнын жетекчилери бар. Учурда тергөө ыкчам тобу иштеп жатат»,-деп жазылат маалыматта.