Депутат Ашимова кара куурайды жок кылбай, дары-дармектер үчүн өстүрүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Динара Ашимова Кыргызстанда кара куурайды дарылык максатта колдонуу багыттарын карап көрүүнү сунуштады.

«Мага демилгечилер сунуш менен келишти эле. Кара куурайдын жанына башка түрүн эксе, кийинки жылы кара куурайдын психотроптук касиети жоголот экен, Польша менен Украинада бул практика түрүндө жасалыптыр. Андан дарыларды чыгарышат экен. Европада буга суроо-талап чоң экен. Биз Кыргызстанда кара куурайды өрттөп жатабыз. Ушул долбоорду сизге жөнөтөйүн, карап көрсөңүз», — деди Ашимова.

2 Ноябрь 2023 жыл 14:32
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча