Жогорку Кеңеш депутаттарын кызматтык унаа менен камсыздоо маселеси боюнча түшүндүрмө берди.
Буга чейин Жогорку Кеңештин 20 айым депутаты кызматтык унаа менен камсыздалган. Бирок алардын айдоочуларынын айлык акысы мамлекеттин эсебинен эмес, депутаттын жеке фондунан төлөнүп келет.
Ал эми калган 70 депутатты унаа менен камсыздоо иши да так эле ушундай шартта жүргүзүлөрү мерчемделүүдө.
Бирок кайсы маркадагы унаа алынып келинери азырынча толук чечиле элек.
Эскерте кетсек, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” мыйзамдын 32-беренесине ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттарына кызматтык автоунаа берүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. Ал эми кызматтык автоунааны пайдалануу тартиби Жогорку Кеңештин жобосу менен бекитилет.