«Коркутат, үркүтөт…» Ташиев УКМКнын сегиз кызматкери жоопкерчиликке тартылганын билдирди

Коррупцияга аралашкан УКМКнын сегиз кызматкери жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Ошко болгон сапарында билдирген.

Эскерте кетсек, ал Кара-Суу районунун «Манас» спорт комплексинде жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана шаардын тургундары менен жолуккан.

Ташиевдин айтымында, УКМК башчысы Баткендин активи менен жыйналыш өткөргөн.

«Баткенде биздин кызматкерлердин арасынан сегизин жоопко тарттым. Алар коррупцияга аралашып, посттордон, ишкерлерден акча жыйнаган. Коркутат, үркүтөт… Силер УКМКнын кызматкерлеринен коркпогула. Эгер мыйзамсыз жосун жасаса мага кайрылгыла», — деди Ташиев.

17 Май 2024 жыл 10:37
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча