МИК: Заманбап комплекстен батир алсаңыз болот

Мамлекеттик ипотекалык компаниясынын калаадагы А. Юнусов көчөсүндө жайгашкан “Асман Резиденс-5” комплекси курулду.

Жалпы аянты 1,7 гектарды түзөт. Анда 5 кабаттан турган 10 блок бар. Жалпы болуп 240 батир каралган.

Батирлердин бир бөлүгү кезекте турган жарандарга берилет. Ошондой эле калганы үлүштүк курулуш (Кезексиз, 50% төлөө менен) аркылуу сатып алууга мүмкүнчүлүк бар.

Батир алам деген жарандарга заманбап жана ыңгайлуу турак жай издегендер үчүн мыкты мүмкүнчүлүк!

8 Апрель 2025 жыл 12:12
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча