
Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Москва шаарындагы “Бодрость” мончосунда эч себепсиз ур-токмокко кабылган кыргыз жарандары укук коргоо органдарынын кызматкерлерине каршы арыз жазуудан баш тартканын билдирди.
Министрликтин маалыматына караганда, рейд учурунда кармалган 24 кыргызстандыктын 22си коё берилди. Калган эки адамды да бошотуу боюнча иштер жүрүп жатат. Буга чейин 24 адамдын төртөө Орусиядан чыгарылары айтылган.
Бул окуя боюнча Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Москвадагы өкүлчүлүгү Орусиянын Башкы прокуратурасына, Ички иштер министрлигине, Москва шаарынын прокуратурасына тиешелүү чараларды көрүү өтүнүчү менен кат жолдоду.
Өткөн аптанын аягында социалдык тармактарга Москвадагы мончолордун биринде кыргызстандыктарды орус полициясы жана бети жабылган белгисиз адамдар уруп-сабады делген видео тараган. Анда мигранттарды полиция кызматкерлери колдорун артка кайрып жаткырып, айрымдарын чапкылап жатканын көрүүгө болот.
Ошол учурда мончодо болуп, сабалган мигранттардын бири бул маалыматты ырастап, окуя 10-апрелде болгонун, полиция аларды беш сааттай уруп-сабап, бул убакыт ичинде ар кандай ыкмалар менен кыйнаганын айтып берген.