Москвада полиция сабаган мигранттардын төртөө Орусиядан чыгарыла турган болду

Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Москвадагы мончолордун биринде ур-токмокко кабылып кармалган 24 кыргызстандык мигранттын төртөө Орусиядан чыгарыларын билдирди.

Маалыматка ылайык, министрликтин Москвадагы өкүлчүлүгү кармалган Кыргызстандын жарандарынын укугун коргоо иштерине кошулду.

Өткөн аптанын аягында социалдык тармактарга Москвадагы мончолордун биринде кыргызстандыктарды орус полициясы жана бети жабылган белгисиз адамдар уруп-сабады делген видео тараган. Анда мигранттарды полиция кызматкерлери колдорун артка кайрып жаткырып, айрымдарын чапкылап жатканын көрүүгө болот.

12-апрелде Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Москвада болгон окуя териштирилип жатканын билдирген.

14 Апрель 2025 жыл 10:15
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча