Мьянмада жер титирөөдөн набыт болгондордун саны күн санап өсүүдө

Мьянмадагы жер титирөөдөн улам набыт болгондордун саны 3 миң 354кө жетти. Ошондой эле 4 миң 850 адам жараат алды, 220сы дайынсыз болууда. Бул тууралуу Reuters агенттиги 5-апрелде Мьянманын мамлекеттик басылмаларына таянып жазды. Өлкөдө 1-апрелден тартып бир апталык аза күтүү жарыяланган.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) өзгөчө кырдаалдагы жардам боюнча координатору Том Флетчер жер титирөөнүн очогу болгон жерге жакын жайгашкан Мандалай шаарына барды.

“Кыйроонун масштабы өтө чоң. Адамдар набыт болгон, үйлөр ураган. Жашоого керектүү каражаттын баары кыйраган. Бирок тургундардын кайраты укмуш”, — деп жазды Флетчер Х социалдык тармагындагы баракчасына.

5 Апрель 2025 жыл 16:55
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча