Мыйзамсыз айдоочулук күбөлүк берген фактысы боюнча кылмыш иши козголду

Мыйзамсыз айдоочулук күбөлүк берген фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдирди.

“Жумгал районунун прокуратурасы тарабынан, коррупцияга каршы аракеттенүү багыты боюнча текшерүү жүргүзүүдө, райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун жооптуу кызмат адамдары, психикалык жактан оорулуу катары каттоодо турган 3 жаранга, оорубагандыгы тууралуу берилген медициналык корутундулардын негизинде Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттигинин Жумгал сектору тарабынан “В, С” категориясындагы айдоочулук күбөлүктөр берилгендиги аныкталды.

Аталган факты боюнча райондук прокуратура тарабынан, Кыргыз Республикасынын КЖКнын 337-бер. 2-б. (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө”,-деп айтылат билдирүүдө.


22 Апрель 2025 жыл 12:40
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча