Ноокенде лицейдин студенттерине мыйзамсыз диплом берилген

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Арал айылындагы №68 кесиптик лицейдинстуденттерине  мыйзамсыз диплом берүү фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

“Лицейдин кызмат адамдары 2019-жылдан бери республикалык бюджеттен стипендия жана тамактануу үчүн бөлүнгөн акча каражаттарын мыйзамсыз ыйгарып, ошондой эле иш жүзүндө окубаган жана КРдин чегинен тышкары жүргөн 18 студентке мыйзамсыз баа коюу жана диплом берүү менен алектенишкени такталды”,- деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө. 

Козголгон кылмыш ишинин алкагында №68 лицейдин директору М.А.П. жана мурдагы директор Т.Т.К. кармалып, КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

4 Апрель 2025 жыл 22:44
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча