Олимпиада-2024: Тыныбекова чейрек финалга чыкты

Айсулуу Тыныбекова Париждеги Олимпиада оюндарын жеңиш менен баштады.

Ал өз оюнун 9-августта эркин күрөш боюнча турнирде 62 килограммга чейинки салмак ченинде баштаган.

1/8 финалдагы кыргызстандык атаандашы нигериялык Эстер Колаволе болду. Тыныбекова 4:1 эсебинде жеңишке жетип, чейрек финалга чыкты.

Анын кийинки атаандашы Несрин Бас (Түркия) – Кайла Миракл (АКШ) жупунун жеңүүчүсү болмокчу.

9 Август 2024 жыл 15:34
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча