Бишкекте 3-июль күнү саат 17:00дө «Жаштык арена» спорттук комплексинде профессионалдык бокс боюнча эл аралык кече өтөт. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында профессионалдар арасында дүйнөнүн 7 жолку чемпиону Орзубек Назаров билдирди.
Анын айтымында, бул кыргыз спорту жана бокс үчүн абдан маанилүү иш-чара болуп саналат.
«Бул иш-чара башталышы гана, негизи мындай аракеттер мурда да болгон, бирок 3-июлда өтө турган бул кече – Кыргызстандын боксчулары үчүн профессионалдык лигадагы чоң жана пландалган старт. Балдарыбыздын дүйнөлүк бокс ассоциацияларынын – WBA, WBC жана башкалардын рейтингине кире башташы абдан маанилүү. Бул жерде, кыязы, азырынча WBC – Бүткүл дүйнөлүк бокс кеңешинин линиясы боюнча болот. Бул иш-чара өлкөлөр ортосундагы бокс спортун өнүктүрүүгө жана чыңдоого жол ачат», — деди ал.
Кыргызстандын Профессионалдык бокс лигасынын биринчи вице-президенти Артур Медетбеков алдыдагы турнир өлкөдөгү спорттун өнүгүшү үчүн чоң мааниге ээ экенин баса белгиледи.
«Бул турнирдин Кыргызстан үчүн мааниси зор. Акыркы убакта өлкө жетекчилиги спортту өнүктүрүүдө чоң кадамдарды жасады. Профессионалдык бокс бүгүнкү күндө бул кечени жогорку деңгээлде өткөрүү үчүн колунан келгендин баарын жасап жатат. Мелдешке жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн профессионал спортчулар жана коноктор чакырылды», — деди Медетбеков.