Олимпиада-2024: Үзүр Жузупбеков Ирандын спортчусуна утулуп калды

Кыргызстандык Үзүр Жузупбеков грек-рим күрөшү боюнча 97 килограммга чейинки салмак ченинде мелдешке чыкты.

Ал Литвадан келген балбанды жеңүү менен баштап, чейрек финалда Ирандын спортчусуна утулуп калды (0:8).

Эгер ирандык финалга чыкса, Жузупбеков коло медаль үчүн күч сынашат.

Жарым финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 22:15те башталат.

6 Август 2024 жыл 17:21
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча