
Париждеги Жайкы Олимпиада оюндарына катышкан жана байгелүү орундардын ээси болгон спортчулар Үзүр Жусупбеков, Жоламан Шершенбеков жана Бекзат Алмаз уулу “Альянс Алтын” компаниясы менен бирге кыргызстандык айымдарды 8-Март — Аялдардын эл аралык күнү менен куттукташты.
Алар кыргыз аялдарынын күчүнө, мээримине жана эмгегине таазим кылып, бекем ден соолук, бакыт жана ийгилик каалашты.