Москва шаарындагы Spirit Fitness спорт клубунда полиция мигранттарга каршы рейд өткөрдү. Маалыматка караганда, тартип коргоочулар клубдун ичиндеги кардарларды улуту боюнча бөлүп жерге жаткырып, паспортторун талап кылган. Бул тууралуу Азаттык жазды.
Окуяга күбө болгондордун айтымында, полиция аскердик милдет тууралуу маалыматка кызыккан. Айрым эркектерди дароо аскердик комиссариатка алып кетишкен.
Бул соңку бир ай ичинде Москва, Санкт-Петербург, Иркутск жана Екатеринбург шаарларында мигранттарга каршы өткөрүлгөн төртүнчү жапырт рейд экени маалым болду. Юристтердин айтуусуна караганда, мындай текшерүүлөр ири шаарларда айына эки ирет болуп жатат.