Ош, Баткен жана Ысык-Көл облустарында сел жүрүшү мүмкүн

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Ага алайык, 9-10-апрель күндөрү туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкө аймагында сел жүрүшү күтүлөт.

Өлкөнүн Ош, Баткен жана Ысык-Көл облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.

Буга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды арыктарды, сел каналдарын тазалап, суу каптоонун алдын алууга чакырат.

8 Апрель 2025 жыл 17:40
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча