Ош шаарында окуучулар дене тарбия мугалимин сабап салган

Ош шаарында окуучулар дене тарбия мугалимин сабап салган. Маалыматты Шаардык ички иштер башкармалыгынан тастыкташты.

Ага ылайык, окуя 14-апрелде Максим Горький атындагы №8 мектептин короосунда болгон.

«Жабырлануучу — дене тарбия сабагынан берген 19 жаштагы мугалим. Ал жарааттарынан улам ооруканага түшүп, милицияга арыз жазган», — деп айтылат маалыматта.

Окуяга жогорку класстын эки окуучусу шектелип жатканы айтылды.

18 Апрель 2025 жыл 22:19
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча