Садыр Жапаров Москвадагы Жеңиш парадына катышат

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 9-майда Москвадагы Жеңиш парадына катышат. Бул тууралуу өлкө башчынын аппаратынан билдиришти.

Мындан улам Бишкекте парадды 8-майда өткөрүү чечими кабыл алынганы белгилүү болгон.

Буга чейин Садыр Жапаров 8-майда борбор калаанын Ала-Тоо аянтында Жеңиш парадын өткөрүү боюнча жарлыкка кол койгону, быйыл 9-майда Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгы белгиленип жатканы маалымдалган.

4 Апрель 2025 жыл 22:48
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча