Сулайманов депутаттарды кызматтык унаадан баш тартууга чакырды

Ал өзү да коомдо кызуу талкуу жаралгандан кийин баш тартканын айтты. 

“Популист болуп жатат деп ойлобогула, мен кызматтык унааны албайм деп чечтим. Анын ордуна айыл өкмөттөргө же соцобъектилерге берели. 1,5 жыл убактыбыз калыптыр, туура көрсөңүздөр баарыңыздарды чакырып кетем”, — деди эл өкүлү.

Бүгүн, 9-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Кундузбек Сулайманов кесиптештерин кызматтык унаалардан баш тартууга чакырды.

Анын айтымында, ал коомдо бул темадагы талкууларды көрүп, жеке унаасы менен эл аралап көргөн.

«Менин районумда, Шамалды-Сай шаарында акимдин, айыл өкмөт башчыларынын кызматтык унаалары жок. Ошондуктан мен кызматтык унааны албайм. Бул популизм деп ойлобогула. Ушул тапта көчөдө көз карандысыз эксперттер, журналисттер унаамдын баасын сурап жатышты. «Алардын арасында карама-каршы келгендер да көп», — дейт Суманкулов.

Буга байланыштуу ал башка парламентарийлерди мамлекет тарабынан берилген унаадан баш тартууга чакырды.

«Депутаттык мөөнөттүн бүтөөрүнө бир жарым жыл калды. Андыктан элдин кыжырын келтирбей, кызматтык унааларынан баш тартууга чакырат элем», — деп кошумчалады депутат.

9 Апрель 2025 жыл 11:35
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча