Түндүк-Түштүк кошумча жолундагы тоннелге акы алуу сунушталды

Транспорт жана байланыш министрлиги Түндүк-Түштүк альтернативдик автожолундагы Көк-Арт ашуусуна курулган тоннел аркылуу өткөн машиналардан акы алууну сунуштоодо. Министрлик бул тууралуу токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

Эгер сунуш колдоо тапса Көк-Арт тоннели өкмөттүн 2023-жылдын 5-декабрындагы токтомуна ылайык, акы алынуучу автоунаа жолдорундагы жасалма курулмалардын тизмесине киргизилет.

Министрлик бул чара мамлекеттик бюджеттин көбөйүшүнө жана тоннелдердин сапатын сактоого шарт түзөт деп ишендирүүдө.

Документтин негиздемесинде Көк-Арт ашуусундагы тоннелди курууга мамлекеттик бюджеттен 140 млн сом сарпталганы жазылган. Көзөмөл-өткөрүү бекетинде 36 кызматкер иштейт. Алардын айлык акысына жылына 16 млн сом каралган. Мындан тышкары электр энергиясы, интернет, техникалык тейлөө жана башка чыгымдар белгиленген.

Транспорт жана байланыш министрлиги аталган тоннелде:

— Жеңил (8 орундууга чейин) автоунаа үчүн 100 сом, чет элдик номурлуу жеңил автоунаага 200 сом;

— Жүргүнчү ташуучу унаа (8 орундан көп, 5 тоннага чейинки) 250 сом, чет элдик номурлуу ушундай унаадан 1000 сом;

— Жүргүнчү ташуучу унаа (8 орундан жана 5 тоннадан көп) 500 сом, чет элдик номурда болсо 1500 сом;

— Жүк ташуучу унаа (3,5 тоннага чейин), трактор 250 сом, чет элдик номурда 1000 сом;

— Жүк ташуучу унаа (12 тоннага чейин) 500 сом, чет элдик унаа — 1500 сом,

— Жүк ташуучу унаа (12 тоннадан көп) 700 сом, чет элдик номурлар 3000 сом;

— Чиркегичи бар (10 тоннага чейин) 12 тоннадан көп жүк ташуучу унаа 1000 сом, чет элдик номурдагылардан 5 миң сом алууну сунуштоодо.

Түндүк-Түштүк кошумча жолундагы Көк-Арт ашуусуна курулган тоннел Тогуз-Торо району менен Сузак районун байланыштырат. Узундугу 3,9 км.

10 Апрель 2025 жыл 13:27
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча