Кыргызстанда айыл чарбасын санариптештирүүнүн алкагында AgroMap улуттук так дыйканчылык платформасы иштелип чыгууда. Долбоор КР Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик, БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) жана Европа кайра куруу жана өнүктүрүү банкы (ЕБРР) менен тыгыз кызматташуунун алкагында жүзөгө ашууда.
2024–2025-жылдары БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун колдоосу менен өлкөнүн бардык аймактарында 3500дөн ашык айыл чарба талаалары талаа изилдөөсүнөн өткөрүлүп, санариптештирилген. Бул маалыматтар жасалма интеллектти окутууга негиз болуп, айыл чарба өсүмдүктөрүн аныктоого, алардын абалын баалоого жана түшүмдүүлүктү болжолдоого мүмкүнчүлүк түздү.
AgroMap платформасы спутниктик сүрөттөрдү, климаттык, кадастрдык жана топурак маалыматтарын бириктирип, так дыйканчылык боюнча негизделген чечимдерди кабыл алууга шарт түзөт. Платформа 10 негизги өсүмдүк түрүн аныктоого, айдоо алмашуусун көзөмөлдөөгө жана сугаруунун натыйжалуулугун талдоого мүмкүндүк берет.
Платформанын жаңыланган ушул жылы ишке киргизилип, мобилдик тиркеме жана кошумча модулдар менен толукталат.