Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин жана Бишкек шаары боюнча Ички иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте пара берип жаткан шектүү жаранды кармашты. Бул тууралуу Биринчи май РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБге билдирме менен ушул эле башкармалыктын Тергөө кызматынын тергөөчүсү кайрылган. Анда, А.С., аттуу жаран байкесине байланыштуу тергелип жаткан иш боюнча байкесинин жоопкерчилигин жеңилдетип берүүнү суранып, пара сунуштап жаткандыгын билдирген.
2025-жылдын 4-апрелинде Биринчи май РИИБдин жана Бишкек шаары боюнча Ички иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан, ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүшкөн, анын жүрүшүндө 1983-жылы туулган С.А. аттуу жаран Бишкек шаарынын Тергөө бөлүмүнүн иш бөлмөсүндө 41 миң сом акча берип жаткан жеринен кармалган.
Аталган факт боюнча Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын
Кылмыш-жаза Кодексинин 345 -беренесине (Пара берүү) ылайык кылмыш иши козголгон.
Кыргыз Республикасын КЖПКнын 96-беренесине ылайык Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, райондук сот тарабынан 2 айга камакка алынды.
Тергөө иштери уланууда.