Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү канчага жетти?

22-апрелге карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 8,7 млрд куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ААКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 545 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 270 куб метрди түзүүдө.

22 Апрель 2025 жыл 12:14
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча