Жүк ташуучу унаа окуучу кызды өлтүрө сүзгөн учур камерага түшүп калган (видео)

Бишкектин Аламүдүн-1 кичи районунда окуучу кызды унаа сүзүп, каза болгон. Окуянын күбөлөрү унаанын айдоочусу качып кеткенин билдиришкен. 

ИИМдин жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан айдоочу кармалганын билдиришти. «Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жоопту кызматкери, издөө бөлүмү жана ыкчам тергөө тобу окуя катталган жерде иш алып барууда»,- дешти.

Учурда социалдык тармактарда кырсыктын видеосу тарады. Алдын ала айтылган маалыматтарга караганда, айдоочу кызды көрбөй калганын айткан.

22 Февраль 2024 жыл 12:48
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча