Жүзүн толук жаап жүргөн адамдар мамлекеттик мекемелерге киргизилбейт

Кыргызстанда бетин толук жаап жүргөн, ушундан улам анын ким экени аныкталбаган адамдар мамлекеттик жана муниципалдык имараттарга, мекемелерге киргизилбейт. Бул талапты бузган учурда айып пул салынат.

Бул тууралуу 18-апрелде президентке караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин кызматкерлери Бишкек шаарынын Биринчи май районунда жүзүн жаап жүргөн адамдарга байланыштуу түшүндүрүү иштери боюнча жыйын учурунда айтты.

Ага мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кадр иштери боюнча түзүмдүк бөлүктөрүнүн өкүлдөрү, укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана дин кызматкерлери катышты. Жыйында кишилерге мыйзамдын талаптарын туура жана түшүнүктүү жеткирүү жолдору да талкууланды.

19 Апрель 2025 жыл 0:10
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча