20-августта түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында жана Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.
Күндүз Ысык-Көл жана Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 16…21°, күндүз 32…37°
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 12…17°, күндүз 29…34°
Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 17…22°, күндүз 32…37°
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11…16°, күндүз 23…28°
Нарын облусунда түнкүсүн 7…12°, күндүз 24…29°
Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 19…21°, күндүз 34…36° болот.