31-августта VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Бишкек шаарында өтө турган салтанаттуу ачылыш күнүндө көрүүчүлөргө ыңгайлуу шарт түзүү максатында «Бишкек Аренага» жеткирүүчү атайын шаттл-автобустар уюштурулат.
Мэриядан билдиришкендей, шаттл-автобустар Бишкек шаарынын ар кайсы райондорунда жайгашкан атайын аныкталган 21 жерден каттайт. Шаар тургундары жана борбор калаанын коноктору өздөрү үчүн ыңгайлуу болгон жөнөө пунктун тандап, ошол жерден шаттл-автобуска отуруп, «Бишкек Аренага» жете алышат.
Шаттл-автобустардын жөнөө пункттары:
«Иш-чара аяктагандан кийин көрүүчүлөр «Бишкек Арена» стадионунан жогоруда көрсөтүлгөн пункттарга тиешелүү багыттар боюнча кайра каттаган шаттл-автобустарды пайдалана алышат. Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарына жана борбор калаанын конокторуна каттамын алдын ала пландап, өздөрү үчүн эң ыңгайлуу болгон жөнөө пунктун тандап алууну сунуштайт»,-деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, шаттл-автобустардын жөнөө пункттары жана каттамдары тууралуу маалымат менен «Менин шаарым» мобилдик тиркемесинен таанышып, транспорттун кыймылын онлайн көзөмөлдөөгө болот.
Урматтуу шаар тургундары! Шаттл-автобустарды оптималдуу пайдалануу үчүн иш-чара аяктагандан кийин «Бишкек Аренага» келген каттам боюнча кайра кайтууну сунуштайбыз»,-деп белгиленет билдирүүдө.