Акын Аскат Жетиген эркиндикке чыкты

Акын Аскат Жетиген 19-августта эркиндикке чыкты. Ал Чүйдүн Молдовановка айылындагы №27 түзөтүү мекемесинде үч жылдык жаза мөөнөтүн толук өтөп бүттү.

Белгилей кетсек, Акын Жетиген 2024-жылы «Бийликти басып алууга чакырык жасоо» беренеси боюнча үч жылга эркинен а жыратылган. «Массалык башаламандыктарга чакыруу» беренеси боюнча сот аны актаган. Акын бийликти сындаган билдирүүлөрү менен белгилүү болгон.

19 Август 2026 жыл 10:42
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча