−21 градуска чейин суук болот. 20-январга күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 20-январда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаашы күтүлөт. Бул боюнча Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн −8… −13, күндүз 0… −5;

Талас жергесинде түнкүсүн −9… −14, күндүз 0… −5;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн −1… −6, күндүз −1… −4;

Нарын аймагында түнкүсүн — 16… −21, күндүз −9… −14;

Ысык-Көлдө −4… −9, күндүз −3… +2;

Бишкек шаарында түнкүсүн −10… −12, күндүз −3… −8 градус болот.

19 Январь 2026 жыл 21:35
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча