Талас облусунда Талас дарыясынын агымы агызып кеткен өспүрүмдү издөө иштери уланууда. Издөө-куткаруу операциясына милиция кызматкерлерин, ӨКМ кызматкерлерин жана жергиликтүү тургундарды кошкондо 400дөн ашуун адам тартылды.
ӨКМдин Талас облусу боюнча башкармалыгынан билдиришкендей, издөө операциясынын жүрүшүн жеринде президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев, Талас облустук ИИБдин башчысы Бактыбек Нарчаев жана ӨКМдин Талас облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Нурлис Төрөкулов координациялоодо. Алар ошондой эле жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, издөө иштеринин жүрүшүн талкуулашты.
Эске салсак, 23-июнда Талас районунун 2010-жылы туулган Б.Т. аттуу тургунун сууга түшүп жаткан учурда Талас дарыясынын агымы агызып кеткен.