Президенттин администрациясында өлкөнүн ички рыногун күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздоого байланышкан маселелер боюнча кезектеги жыйын болуп өттү.
Анда министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков мунай заттарына байланыштуу маселелерди тескеген мамлекеттик органдардын жана ведомстволордун жетекчилеринин, ошондой эле мунай ташыган компаниялардын өкүлдөрүнүн катышуусунда бул тармактагы актуалдуу маселелер жана алдыдагы пландар каралды.
Жыйында негизинен экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу, өлкөнүн калкын күйүүчү-майлоочу материалдар менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу, мунай заттарына рыноктук бааларды турукташтыруу боюнча чараларды көрүү, улуттук экономиканын субъекттерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында министрлер кабинети тарабынан аткарылып жаткан иштердин аткарылышы талкууланып, жыйынтыгында катышуучулардын тийиштүүлүгүнө жараша бир катар тапшырмалар берилди.