Ысык-Көл облусунда фото жана видеожазуунун автоматташтырылган комплекстеринин жардамы менен жасалма мамлекеттик номурлуу автоунаа айдап жүргөн айдоочу аныкталды. Анын төлөнбөгөн айып пулдарынын суммасы 1 миллион 91 миң 700 сомду түзгөнү белгилүү болду.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча, ВАЗ-2114 автоунаасын текшерүү учурунда башкармалыктын кызматкерлери машинеге жасалма мамлекеттик каттоо номуру тагылганын жана айдоочу мурда жазылган айып пулдарды төлөбөгөнүн аныкташкан.
Тартип бузуучуга карата мыйзамга ылайык чаралар көрүлдү. Автоунаа айып токтотуучу жайга киргизилди. ИИМ мурда дайындалган айып пулдарды төлөбөө жоопкерчиликтен бошотпойт турганын эскертти. Ведомство жол кыймылынын эрежелерин бузууларды аныктоо үчүн автоматташтырылган системаларды колдонууну улантат.