Рулу оң тараптан солго которулган унааларды ишкердикте пайдаланууга тыюу салынат

Кыргызстанда рулу оң тарабынан солго которулган унаалар ишкердик иште пайдаланууга тыюу салынат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин токтомунда айтылат.

Документке ылайык, рулдук башкаруусунун жайгашуусу өзгөртүлүп кайра жабдылган транспорт каражаттарына техникалык эскпертиза Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын «Техникалык багыттагы борбору» мамлекеттик ишканасынын транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүү боюнча аккредитацияланган контролдоо органы тарабынан жүргүзүлөт.

Ошондой эле рулдук башкаруусунун жайгашуусу өзгөртүлүп (оң тарабынан сол тарабына которулуп) кайра жабдылган транспорт каражаттарын жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу менен байланышкан ишкердик иште пайдаланууга тыюу салынат.

Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

25 Август 2026 жыл 17:12
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча