Кыргызстанда катализаторлорду алып чыгууга дагы жарым жылга тыюу салынды. Себеби

Кыргызстандын Министpлер кабинети өлкөдөн колдонулган автомобилдик катализаторлорду жана алардын курамындагы баалуу металлдарды алып чыгууга киргизилген тыюуну дагы алты айга узартты. Токтомго Минкаб башчысы Адылбек Касымалиев кол койду.

Чектөө төмөнкүлөргө жайылтылат:

  • колдонулган катализаторлорго;
  • куpамында металл бар шлактарга, күлгө жана таштандыларга;
  • палладий, родий жана платинанын калдыктарына жана сыныктарына;
  • глушителдерге, чыгуучу түтүктөргө жана алардын катализаторлору бар бөлүктөрүнө.

Экономика жана коммерция министрлиги тыюу салуунун киргизилгени тууралуу Дүйнөлүк соода уюмуна жана Евразия экономикалык комиссиясына, ал эми Тышкы иштер министрлиги КМШнын Аткаруу комитетине кабарлашы керек.

Мамлекеттик бажы, салык жана чек ара кызматтарына бул продукцияны мыйзамсыз алып чыгууга жол бербөө боюнча чараларды көрүү тапшырылды.

Ушул сыяктуу эле тыюу салуу 2026-жылдын 25-февралынан тарта иштеп келген. Жаңы токтом менен минкаб чектөөнү дагы жарым жылга сактап калды.

Колдонулган катализаторлорду алып чыгууга тыюу салуу биринчи жолу 2021-жылдын августунда киргизилген. Ошондон бери ал бир нече жолу узартылган. Бийлик бул чараны катализаторлордун курамында кымбат баалуу палладий, родий жана платина бар болгонуна байланыштуу аларды чечип алуу жана уурдоо учурларынын көбөйүшү, ошондой эле татаал экологиялык кырдаал менен түшүндүрөт. Токтом жети күндөн кийин күчүнө кирет.

25 Август 2026 жыл 11:04
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча