ЮНИСЕФ: 2025-жылы дүйнөдө 19 жашка чейинки 2,27 млн бала ВИЧ менен жашаган

2025-жылы дүйнөдө 19 жашка чейинки 2,27 миллионго жакын бала жана өспүрүм ВИЧ менен жашаган. Бул тууралуу ЮНИСЕФтен билдирди.

Адистердин баалоосу боюнча, бир жылда бул курактагы категорияда болжол менен 240 миң адам вирус жуктурган. 74 миңге жакын бала жана өспүрүм СПИД байланыштуу себептерден улам каза болгон.

Эң оор кырдаал 15 жашка чейинки балдар арасында сакталууда: 2025-жылы бул курактагы 1,26 миллионго жакын бала ВИЧ менен жашаган. Ошол эле мезгилде жуктуруп алуунун 93 миңге жакын жаңы учуру жана СПИДке байланыштуу 61 миң өлүм катталган. Бул күн сайын болжол менен 255 бала ВИЧ жуктуруп, ал эми 167 бала вируска байланыштуу оорулардан каза болуп жатканын билдирет.

Эксперттер ошондой эле инфекцияны аныктоодо жана дарыланууга жеткиликтүүлүктө олуттуу кемчиликтер бар экенин белгилешет.

14 жашка чейинки ВИЧ менен жашаган балдардын 65 пайызы гана өз диагнозун билишет, ал эми чоңдор арасында бул көрсөткүч 89 пайызга жетет.

АИВ менен жашаган балдардын 55 пайызы гана антиретровирустук терапия алат, чоңдордо бул көрсөткүч 79 пайызды түзөт.

Адистер жакынкы жылдары дүйнөлүк коомчулук бир нече негизги багыттарга көңүл бурушу керек деп эсептешет. Биринчи кезекте кеп ВИЧ тин энеден баламага жугушун алдын алуу жана ВИЧ, сифилис же В гепатитинин жугушун толугу менен жоюудагы прогрессти ылдамдатуу жөнүндө жүрүүдө. Ошондой эле эрте диагностикалоо, педиатриялык терапияны өркүндөтүү жана медициналык жардамдын үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу аркылуу балдар менен өспүрүмдөрдүн дарыланууга жеткиликтүүлүгүндөгү ажырымды кыскартуу абдан маанилүү.

Өзгөчө көңүлдү, ЮНИСЕФтин пикиринде, өспүрүмдөр, айрыкча кыздар арасында ВИЧ тин жаңы учурларынын алдын алууга, ошондой эле сексуалдык жана репродуктивдүү саламаттыкты сактоо тармагындагы натыйжалуу алдын алуу программаларына жана кызматтарына тең укуктуу жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө буруу зарыл.

Эксперттер финансылык ресурстар кыскарып жаткан шартта келип чыккан көйгөйлөрдү аныктоо жана каражаттарды эң жогорку натыйжа бере турган багыттарга жумшоо үчүн сапаттуу жана ыкчам маалыматтарды пайдалануу өтө маанилүү экенин баса белгилешет.

Буга чейин Кыргызстанда 18 жашка чейинки калк арасында ВИЧ катталган 880ге жакын учур бар экени, алардын 90 пайызы 14 жашка чейинкилер түзөрү кабарланган.

25 Август 2026 жыл 14:34
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча