Ошто 250 орундуу бала бакча оңдоодон кийин ачылды

Ош шаарындагы №75 «Тунук Наристе» мектепке чейинки билим берүү уюму капиталдык оңдоодон кийин пайдаланууга берилди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бала бакча 250 орунга ылайыкталып, балдар үчүн бардык зарыл шарттар түзүлгөн.

Мындан тышкары, имаратта өзүнүн от жагуучу жайы каралып, ЮНИСЕФ тарабынан жылуулук насосу орнотулган.

Бала бакча Ош шаарынын Кеңеш айылында жайгашкан.

26 Август 2026 жыл 11:48
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча