Чүй облусундагы Кемин – Шабдан – Көк-Ойрок унаа жолунун 5 чакырым тилкесине асфальт төшөлүүдө.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, учурда №32 Жол эксплуатациялоо мекемеси тарабынан иштер кызуу жүргүзүлүп, ага 30га жакын атайын техника жана жумушчулар тартылган.
Жолдун оңдолушу жергиликтүү тургундардын каттамын жеңилдетип, жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга жана унаалардын жүрүү убактысын кыскартууга шарт түзөт. Ошондой эле айыл чарба продукцияларын жана башка жүктөрдү ташуу жеңилдейт.