Садыр Жапаров Монголия жана Казакстан элчилеринин ишеним грамотасын кабыл алды

Бүгүн «Ынтымак Ордодо» президент Садыр Жапаров чет мамлекеттердин элчилеринин ишеним грамоталарын кабыл алуу аземи өттү.

Монголиянын элчиси Дэмчиг Тэгшжаргал жана Казакстандын элчиси Абылкаир Скаков Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердигин расмий түрдө баштады.

Салтанаттуу азем дипломаттарды Ардак кароолдун тосуп алышы менен башталып, андан соң элчилер мамлекет башчысына ишеним грамоталарын тапшырышты.

Садыр Жапаров өз сөзүндө дипломаттарды Кыргызстандагы миссиясынын башталышы менен куттуктап, алардын ишмердиги өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелерди мындан ары чыңдоого, саясий диалогду тереңдетүүгө жана соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө өбөлгө түзөрүнө ишеним билдирди.

26 Август 2026 жыл 11:49
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча