Жаш Гвардия бульвары менен Махатма Ганди көчөлөрү биригип Иманалы Айдарбеков көчөсү деп аталды

Бишкектеги Жаш Гвардия бульвары менен Махатма Ганди көчөлөрү биригип Иманалы Айдарбеков көчөсү деп аталды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, мындай чечим административдик-аймактык реформанын алкагында Бишкек шаардык кеңешинин токтому менен кабыл алынган.

«Учурда жаңы аталыштарга ылайык даректик номерлерди өзгөртүү иштери жүргүзүлүүдө. Андан кийин көчөлөргө жаңы аталыштар жазылган белгилер орнотулуп, коммуналдык кызматтардын жана коомдук транспорттун маалыматтары жаңыланат», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле өзгөртүлгөн даректик маалыматтар «2ГИС» жана «Яндекс карта» сыяктуу картографиялык сервистерге жаңыртуу үчүн берилет.

26 Август 2026 жыл 13:49
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча