Кыргызстан Түркиядан дары-дармекти ортомчусуз сатып алат

Кыргызстан 2027-жылга карата борборлоштурулган сатып алуулар үчүн дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды түрк өндүрүүчүлөрүнөн түз жеткирүүнү жолго коюуну пландоодо. Бул тууралуу «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сатып алуу иштерине даярдыктын алкагында ишкананын директору Акылбек Туратбек уулу Түркияда иш сапары менен болуп, бир катар ири фармацевтикалык компаниялар менен жолугушууларды өткөрүүдө.

«Негизги максат — ортомчуларсыз түз келишимдерди түзүү. Бул маанилүү дары-дармектерди туруктуу жеткирүүгө, сатып алуу бааларын төмөндөтүүгө жана өндүрүүчүлөр менен узак мөөнөттүү кызматташтыкты түзүүгө мүмкүндүк берет», — деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, өзгөчө сапат жана логистика талаптарын сактоо менен продукцияны түз жеткирүүгө даяр компаниялар менен кызматташууга көңүл бурулууда.

25 Август 2026 жыл 14:29
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча