Кумтөрдүн куткаруучулары туристтерге жардам берди

«Кумтөр Голд Компани» ишканасынын куткаруучулары Жети-Өгүз районунун Кара-Сай өрөөнүндө жардамга муктаж болгон Нидерланддан келген эки туристти куткарып, коопсуз жерге жеткиришти.

Ишканадан билдиришкендей, туристтер 21-августта Барскоон капчыгайы аркылуу Сырт жайлоосуна жолго чыгып, кийин эл аралык SOS сигналын беришкен. 22-августта ӨКМ туристтердин акыркы координаттарын Кумтөрдүн куткаруучуларына өткөрүп берген.

Натыйжада сегиз куткаруучу үч унаа менен издөө иштерине чыгып, дрон жана спутниктик байланыш каражаттарын колдонушкан. Саат 12:27де туристтер табылып, аларга жардам көрсөтүлүп, Ак-Шыйракты көздөй кеткен негизги жолго чейин коштоп барышкан.

Белгилей кетсек, буга чейин Кумтөрдүн куткаруучулары тоодо дайынсыз жоголгон италиялык туристтерди издөө иштерине да катышып, аларды аман-эсен табышкан.

24 Август 2026 жыл 17:01
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча