Much Better Adventures платформасы жүргүзгөн рейтингде Кыргызстан 2026-жылы жалгыз саякаттоо үчүн дүйнөдөгү эң мыкты өлкө деп таанылды. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиги билдирет.
Маалыматта белгиленгендей, платформанын эксперттери 26 өлкөдөн турган рейтинг түзүшкөн. Өлкөлөр экстремалдык жана активдүү туризм, жөө жүрүү маршруттары, транспорттун жеткиликтүүлүгү, баалардын деңгээли, коопсуздук көрсөткүчтөрү, биологиялык ар түрдүүлүгү жана саякатчылардын кызыгуусунун өсүшү сыяктуу критерийлердин негизинде бааланган.
Адистер белгилегендей, Кыргызстан бийик тоолору, бийик тоолуу көлдөрү жана адам колу тийбеген жаратылышы менен саякатчыларды өзүнө тартып келет. Теңир-Тоо трекинг, ат менен саякаттоо, тоо арасында лагерь куруу жана алыскы тоолуу аймактарды изилдөө үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт.
Кыргызстанга келген туристтер төмөнкүдөй кызматтарды пайдалана алышат: