Камчаткадагы Ключевской вулканы атылып, анын күлү 6 миң метрге чейинки бийиктикке чейин чачырады. Бул тууралуу ТАСС жазды.
Камчаткадагы вулкандардын атылышына мониторинг жүргүзгөн топтун маалыматына караганда, күлдүн чыгышы 23-августта кечинде катталган. Вулкан өзү деңиз деңгээлинен 4 миң 750 метр бийиктикте жайгашкан.
Күлдүн тараган багытында калктуу конуштар жок. Бирок шамалдын багыты өзгөргөн учурда Усть-Камчатск районуна караштуу айрым калктуу конуштарга аз өлчөмдө күл түшүшү мүмкүн. Учурда калктуу конуштарда күлдүн түшүүсү байкалган жок.
Ключевской – Евразиядагы эң бийик аракеттеги вулкан. Анын атылышы 15-августта башталган.