F1H2O: Экологдор Ысык-Көлдүн суусу таза экенин тастыкташты

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Экологиялык мониторинг департаментинин адистери “Формула-1” боюнча дүйнө чемпионаты өткөн Ысык-Көл облусунун Бает айылында сууга изилдөө жүргүзүштү. Аталган мекеменин башкы адиси Рамил Мелис уулу «Кабар»агенттигинде өткөн маалымат жыйынында изилдөөнүн жыйынтыктары тууралуу айтып берди.

Анын пикиринде, экологиялык мониторинг 30-июлда жарышка чейин башталган. Мелдештен кийин 3-августта алынган суу үлгүлөрүнүн лабораториялык анализинде булгоочу заттардын жол берилген максималдуу концентрациясынан ашпаганы аныкталган.

«Физикалык-химиялык анализ боюнча айтсак, үлгүлөр рН, эриген кычкылтек жана мунай продуктуларынын бар-жогун аныктоо үчүн текшерилди», — деп белгиледи адис.

Департаменттен белгилешкендей, мелдеш учурунда көлгө бензин же күйүүчү май төгүлгөн учурлар катталган эмес.

21 Август 2026 жыл 17:37
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча