Бийик тоолуу жана алыскы аймактарда 30 миңге жакын балага 3 миң сомдон жөлөкпул төлөнүүдө

Кыргызстанда бийик тоолуу жана алыскы аймактарда жашаган 29,6 миң бала ай сайын 3 миң сомдон жөлөк пул алууда. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин коллегиясында маалымдалды.

Маалыматка ылайык, жөлөк пул 2026-жылдын январь айынан тартып киргизилген. Ал бийик тоолуу, алыскы жана өзгөчө статуска ээ айрым чек арага жакын аймактарда жашаган үй-бүлөлөрдүн үчүнчү жана андан кийинки балдарына төрөлгөндөн тартып үч жашка чейин берилет.

Белгиленгендей, жөлөк пулду дайындоодо үй-бүлөнүн материалдык абалы эске алынбайт.

Белгиленгендей, 1-июлга карата бул жөлөк пулду 29,6 миң бала алып жаткан. Бийик тоолуу аймактардын тизмесине өлкө боюнча 430 айыл жана башка калктуу конуш киргизилген.

21 Август 2026 жыл 15:29
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча