2026-жылдын 1-июлуна карата Кыргызстандын иш менен камсыз кылуу кызматтарында 605 миң жумушсуз жаран каттоодо турган. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 7 пайызга аз.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына караганда, алардын 37,8 миңи расмий жумушсуз статусуна ээ болгон. Бул көрсөткүч бир жылда 17 пайызга кыскарган.
2026-жылдын биринчи жарымында иш менен камсыз кылуу кызматтарынын көмөгү менен 7,1 миң адам жумушка орношкон, дагы 13,1 миң жаран жумушка орношууга көмөктөшүү боюнча активдүү чараларга тартылган.
Өлкөдө расмий жумушсуздуктун деңгээли экономикалык активдүү калктын 1,3 пайызын түзөт.
Мындан тышкары, 22-июлдан тартып Jumush.gov.kg санариптик платформасы пилоттук режимде иштей баштады. Анда иш берүүчүлөр бош жумуш орундарын акысыз жайгаштырып, ал эми жарандар өлкө боюнча ылайыктуу жумуш орундарын өз алдынча издей алышат.