Өлкөгө күйүүчү май кайсы мамлекеттерден жеткирилет?

Кыргызстан өлкөнүн күйүүчү-майлоочу материалдар рыногун камсыз кылуу үчүн Россия, Беларусь, Кытай жана Өзбекстан менен кызматташууда.  Бул тууралуу министрлер кабинетинин өлкөнүн ички рыногун күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздоого байланышкан маселелер боюнча кезектеги жыйынында белгилүү болду.

Жыйында өлкөнүн ички рыногун мунай заттары менен жеткиликтүү деңгээлде камсыздоо үчүн мунай заттарын импорттоо, зарыл болгон коруктарды камсыздоо, күйүүчү-майлоочу продуктулары менен иш жүргүзгөн компанияларга мамлекеттик субсидиянын берилиши сыяктуу иштердин аткарылышы боюнча маалымат угулуп, талкууланды.

Кыргызстандын жалпы мунай затына болгон бир жылдык керектөөсү орточо 1,5 миллион тоннадан ашат.

21 Август 2026 жыл 11:52
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча