Кызыл-Туу – Манас-Ордо унаа жолунда асфальт төшөлүүдө

Кызыл-Туу – Манас-Ордо унаа жолунда асфальт төшөө иштери кызуу жүрүүдө.

Транспорт жана коммуникациялар министри Талант Солтобаев билдиргендей, учурда жол куруу иштерине 40ка жакын атайын техника жана 50гө жакын жумушчу тартылып, иштерди жүргүзүүдө.

«Асфальт төшөө иштерин август айынын аягына чейин аяктоо пландалууда», — деди ал.

Министр жол куруу иштеринин сапаты жана аткарылышы Транспорт министрлигинин көзөмөлүндө экенин белгиледи.

24 Август 2026 жыл 9:31
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча