Талас облусунун башчысы “Манас Ордо” комплексинде курулушчуну сабаган деген маалыматты төгүндөдү. Буга чейин социалдык тармактын колдонуучусу Самат Кушбеков президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүн жана Курулуш министрин “бандиттер” деп атап, “алар жумушчуларды сабады” деп видео жарыялаган.
Ал эми Талас облусунун башчысы Эрмат Джумаев болгон окуянын чоо-жайын айтып берди. Губернатор билдиргендей, “Манас Ордо” комплексинде подрядчы менен ишкерлердин ортосунда чыр чыгып кеткен. Ал эми облус башчы тескерисинче ал чырды бөлүштүрүп, тынчтыкка алып келген.
“Курулушта мындай жагдайлар болуп турат. Бул жумуш учурундагы кадимки кырдаал. Мен сөгүнгөн жокмун, тескерисинче, жаңжалга аралашкан адамдарды ажыратып, ыйык жерде тартипти сактоого чакырдым. Окуяга 30дан ашык күбө жарандар бар. Ал эми алыс жерде туруп алып, толук маалыматы жок туруп жалган сөз айткандарга ишенбөөгө чакырат элем.”деди облус башчысы.
Ошондой эле Эрмат Жумаев, Талас облусунда аткарылып жаткан иштерге эл өзү баа берерин, чындык кайсы тарапта экенин эл өзү электен өткөрүп аларын кошумчалады.