30-августтан 6-сентябрга чейин Бишкек, Чүй жана Ысык-Көлдө жол кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет.
Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, чектөөлөр мамлекеттик деңгээлдеги маанилүү иш-чаралардын өтүшүнө байланыштуу киргизилмекчи.
Жол кыймылына төмөнкү жолдордо чектөөлөр киргизилет:
Эскерте кетсек, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине даярдык көрүү машыгууларына байланыштуу «Бишкек Арена» стадионунда жана ага жанаша жайгашкан аймактарда унаа кыймылына мезгил-мезгили менен чектөөлөр киргизилип, жолдор жабылууда.
«Ички иштер министрлиги шаар тургундары менен конокторун көрүлүп жаткан коопсуздук чараларына түшүнүү менен мамиле кылууга жана күнүмдүк каттамдарын алдын ала мерчемдеп алууга чакырат»,-деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, 31-августтан 6 сентябрга чейин VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, ошондой эле 31-августтан 1-сентябрга чейин ШКУ саммити өтмөкчү.